Жаңылыктар
Чек ара күчөтүлгөн режимде кайтарууга алынды
Чек ара
Чек ара  күчөтүлгөн  режимде  кайтарууга алынды

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары  Абдыкерим Алимбаев  “Биринчи радиого” билдирди.  Анын  белгилешинче, чек ара  күчөтүлгөн  режимде  кайтарууга алынды.

 Кечээ, 16-сентябрда чек арада  ок атышуу  болуп,  бир чек арачы каза болгон.  13 адам жабыркаган - 7 аскер кызматкери жана алты Кыргызстандын жай тургундары ар кандай даражадагы жаракат менен Исфана шарындагы ооруканада жатышат. 

Каза болгон чек арачы "Бөрү" аскердик отрядынын прапорщиги  Равшан Муминов.

 

Алдын ала маалыматтарга караганда, Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасындагы аймакта кечээ  саат 19:00-19:40 чамасында ок атылган. Окуя тажик тараптын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштаганынан улам чыккан.