Жаңылыктар
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна барды
Чек ара
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Баткен облусуна барды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрүнүн аскердик учагы менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы жумуш сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт. 

Эскерте кетсек, кечээ кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кесепетинен Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.