Жаңылыктар
Чек арадагы жагдай: Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза тапты
Чек ара
Чек арадагы жагдай: Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза тапты

Кечээ, 16-сентябрда чек арада  ок атышуу  болуп,  Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы "Бөрү" аскердик отрядынын прапорщиги Равшан Муминов каза болгон. Анын артында 3 баласы, жубайы жана улгайган апасы калды. 

Мындан тышкары 7 аскер кызматкери жана алты Кыргызстандын жай тургундары ар кандай даражадагы жаракат менен Исфана шарындагы ооруканада жатышат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасындагы аймакта кечээ  саат 19:00-19:40 чамасында ок атылган. Окуя тажик тараптын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштаганынан улам чыккан.