Бүгүн, 17-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 74-сессиясы ачылат.
Бултууралуу РИА Новости жазды. Малыматка ылайык, жалпы саясий дисккуссиялар 24-сентябрда башталат.
Мындан тышкары, БУУНун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында климаттын өзгөрүүсүнө карата чара көрүү боюнча, туруктуу өнүгүүнүн максаттары боюнчасаммиттер жана башка жогорку денгээлдеги иш-чаралар өтөт.