Жаңылыктар
Кыргызстандык спортчу Атабек Азисбеков Олимпиадага жолдомо утуп алды
Спорт
Кыргызстандык спортчу Атабек Азисбеков Олимпиадага жолдомо утуп алды

Кыргызстандык спортчу — грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Ал Казакстандын Нур-Султан шаарындагы дүйнө чемпионатында 87 килограммга чейинки балбандар арасында күч сынады. 

Бул лицензия Кыргызстан үчүн Олимпиада оюндарына үчүнчү жолдомо болду. Буга чейин сууда сүзүүчү Денис Петрашов менен жөө күлүк Юлия Андреева жолдомо алган.