Жаңылыктар
Кыргыз радиосуна - 85 жыл!
Маданият
Кыргыз радиосуна - 85 жыл!

Бүгүн КТРКнын концерттик студиясында Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдык мааракесине арналган майрамдык концерт "Маданият-Тарых-Тил" каналында түз эфирде көргөзүлдү. 

Ага кыргыз радиосунун ардагерлери, учурдагы кызматкерлери жана коомдук ишмерлер катышты. Радио күнү менен куттуктап келген өнөр адамдары кыргыз радионун кызматкерлерине жагымдуу маанай тартууласа, жаш муундун өкүлдөрүнө ардагер дикторлор радионун басып өткөн тарыхы, калыптануусу, иштеп кеткен белгилүү дикторлор тууралуу маалымат берип, убагында дикторлук кесиптин ардактуулугун басым кылышты.

Өзүнүн 85 жылдык тарыхында кыргыз радиосунда өзгөрүүлөр, өсүүлөр болду. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, таланттуу инсандардын эмгеги калды. Радио бирикме калыптанып, заманбап технологиянын шарттарында колдонула баштады.



Кыргыз радиосунун тарыхына кыскача токтолсок ал 1931-жылдын 20-январындагы биринчи радиотүйүндүн ачылышы менен башталган. Андан бери маалымат жеткирүүдө жана маалымат айдыңында азыркыга дейре радионун орду жогору бааланып келет.