Жаңылыктар
Президент чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү
Чек ара
Президент чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Президенттик  Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана  Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада түзүлгөн абал боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү.

  Мамлекет башчы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын баса белгиледи. 

Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти. Сооронбай Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. 

Мамлекет башчы  Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.  

Сооронбай Жээнбеков кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.