Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон он киши Бишкекке жөнөтүлдү
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон он киши Бишкекке жөнөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жарадар болгон Баткендеги Максат айылынын алты тургуну, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрт кызматкери Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилди. Дагы үч чек ара кызматкеринин абалы оор болгондуктан, Лейлектин аймактык ооруканасында калтырылды. 

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кыргызстандык бир аскер кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алды. Мекеме чатакта тажик тарап биринчи болуп ок атып, ага кошумча миномёттон аткылаганын кабарлады.