Жаңылыктар
Кыргызстандын күч структураларынын ардагерлери тынчсызданууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын күч структураларынын ардагерлери тынчсызданууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын күч структураларынын ардагерлери тынчсыздануусун билдиришти. Коопсуздук кеңешинин мурдагы башчысы Марат Иманкуловдун айтымында чек арадагы жаңжалды эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен чечип, абалды ырбатууга жол бербеш керек.

Ошондой эле генерал-майор тажик тарапты дагы сабырдуулукка чакырып, Кыргызстан менен Тажикстанды тарыхый-саясий окуялар байланыштыраарын эскертти. Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында жаңжал талаштуу жерде курулуш иштерин баштоодон келип чыккан.