Жаңылыктар
Табылды Эгембердиев эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Табылды Эгембердиев эскерилди

“Супара” этнографиялык комплексинде коомдук ишмер, публицист Табылды Эгембердиевдин эстелиги ачылды. Бул инсан улуттук суусундуктарды чыгаруучу “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, борбордун чет жакасындагы “Супара-1” жана “Супара-2” этнокомплексинин түзүүчүсү болгон. 

Табылды Эгембердиев 2015-жылдын 16-майында 64 жашында оорудан улам каза болгон. Эстелик тургузуу иши анын жакындарынын суранычы менен жарым жыл мурда башталган. 

Эстелик бүгүнкү күнгө даяр болуп, аны менен бирге Эгембердиевдин жылдыгы өткөрүлдү. Ага өкмөттөн, Жогорку Кеңештен жакын санаалаш болгон өкүлдөр жана туугандары катышты.