Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында абал бүгүн туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында абал бүгүн туруктуу

Баткендин кыргыз-тажик чек арасына жакын Максат айылында абал бүгүн туруктуу. Баткен облусунун Лейлек районуна Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев барып, ок атылган Максат айылынын жергиликтүү тургундары менен жолукту. Ошол эле учурда Өкмөт башчы чукул жыйын өткөрүп, чек ара аймактарында кырдаалды курчутпоо жана чыңалууну басаңдатуу боюнча тапшырманы койду. Эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү да жолугуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абалды турукташтыруу маселесин талкуулады. 

Тажик тарап миномёт, автомат менен бекетти көздөй аткылаган айылдагы “Максат” чек ара бекетинин айрым жерлери талкаланган. Чек ара бекетинен анча алыс эмес жердеги мунара да жабыркаган.

Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Максат айылынын 700дөй тургуну башка жакка көчүрүлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жергиликтүү бийлик тарабынан элди көчүрүү аракеттери көрүлгөн эмес. Кечээ кечинде айылдын жашоочулары коопсуздук үчүн коңшу айылдарга туугандарына барып, эртең менен кайра кайтып келишкен. Учурда тургундар үйлөрүндө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, айылдагы мектепке 128 адам жайгаштырылган, эртең менен алардын 90ну калган. Мектеп, ооруканалар кадимки нукта иштеп жатат. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал менен жеринде таанышуу максатында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Лейлек районунун Максат айылына келип, жергиликтүү жашоочулар менен жолукту. Премьер-министр чек ара маселесин чечүү жана чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочуларын колдоо - мамлекет көзөмөлдөгөн артыкчылыктуу маселе болуп саналаарын белгиледи. Абылгазиев такталбаган чек ара чийиндерин тез арада тактоо максатында Өкмөт мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкациялоону ыкчамдата турганын ырастап, чек ара улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен чечиле турганын айтты.

Өкмөт башчы Чек ара кызматынын тийиштүү жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда чек ара аймактарында кырдаалды курчутпоо жана чыңалууну басаңдатуу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырмасын койду. Муну менен бирге чек ара аймактарынан аскер күчтөрүн чыгаруу зарылдыгы да белгиленди. Буга байланыштуу тараптар эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу делегацияларынын ортосунда сүйлөшүү жүргүзүүнү демилгелешти.

Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте Лейлек районунун аймактык ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясынын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды. Премьер-министр жабыр тарткан жарандардын саламаттыгы тууралуу маалымат алып, мамлекет тарабынан бардык зарыл жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн айтты.

Өкмөт башчы “Максат” чек ара бекетине барып, Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамы менен да баарлашты. Тажик тарап биринчи болуп ок чыгарган чек арадагы окуяда миномёт менен автоматтын огунан зыянга учураган бекеттин абалын да көрүп чыкты.

Кыргыз-тажик чек арачысындагы окуя 16-сентябрда болду. Тажик тарап биринчи болуп курал колдонуп, ал атышууга алып келди. Бул факт Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү беренеси боюнча катталды. Эске салсак, кыргыз-тажик чек ара аймагындагы Овчи-Калача калктуу конушунда тажик тарап курулуш иштерин баштаган. Кыргыз тарап бул тилкеде курулуш жумуштарын жүргүзүүгө болбой турганын эскерткен. Түшүнбөстүктөн улам атышуу башталган. Болжол менен бир сааттан кийин кечки саат 9дарда ок атышуу токтогон. Жаракат алган кыргыз жарандары Лейлек райондук ооруканасына жеткирилген. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери түнү менен нөөмөттө болушту. Мында “Шумкар” атайын даярдыктагы аскерлери да тартылган. Учурда абалды ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат.