Жаңылыктар
Баткендин көк бөрүчүлөр Таласта ийгилик жаратты
Спорт
Баткендин көк бөрүчүлөр Таласта ийгилик жаратты

Белгилүү болгондой Ош шаары жана Баткен облусунун командалары кызуу оюн көрсөтүп, Баткенден келген команда Ош шаарын 6:5 эсеби менен жеңип, ийгиликти имерип кетти. Талас менен Нарын жана Ысык-Көл менен Жалал-Абад облустарынын командалары беттешип, жыйынтыгында Талас менен Ысык-Көл командалары жеңишке жетишти. 

Күндүн экинчи жарымында Көк бөрү оюнунун күйөрмандары өлкөнүн бардык дубандарынан чогулган. Ат майданга келген көрүүчүлөрдүн саны бул күнү 2 миңден ашты. Көк бөрүнүн финалдык оюну 21-сентябрда болот. Эске салсак, көк бөрүнүн бардык оюндарын "КТРК Спорт" каналы жеринен түз алып көрсөтүүдө.