Жаңылыктар
Сузак районунда дагы бир жер көчкү катталды
Өзгөчө кырдаал
Сузак районунда дагы бир жер көчкү катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык Сузак районунун Алмалуу-Булак айылында кайрадан жер көчкү жүрдү. Алдын-ала маалыматтарга караганда кыйроолор жана жабыр тарткандар жок. Аймакта атайын комиссия иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Эске салсак, 27-апрелде буга чейинки нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Сузак районунда көчкү жүргөн. Жер көчкү Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Алмалуу айылынын аймагында катталып, көлөмү 1 миллион 600 кубометрге жеткен. 

 


Ошондой эле болжол менен 7 үй көчкү астында калган. Эскерте кетсек жаз чыкканы бул аймакта үчүнчү жолу жер көчкү жүрүп жатат. Буга чейинкилеринде олуттуу зыян келтирген эмес. 

Сузак жергесинде болгон жер көчкүдөн короодо иштеп жүргөн өспүрүм каза болуп, денесин эртеси күнү куткаруу тобунун жардамы менен жер алдынан таап чыгышты.