Жаңылыктар
Өлкөдө санариптештирүү жараяны кызуу жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө санариптештирүү жараяны кызуу жүрүүдө

Ушул күнгө карата Кыргызстанда 62 мамлекеттик орган "Түндүк" мекеме аралык электрондук өз ара аракеттенүү борборуна кошулган. Ордо калаада өлкөнүн санариптик трансформациясына байланышкан кыйынчылыктарды, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле, жаңы ыкма аркылуу өз укуктарын ишке ашыруу маселелерин талкуулоого мамлекеттик органдар, жеке бизнес жана жарандык коом үчүн аянтча түзүп берүү максатында форум болуп өттү.

Соңку жылдары Кыргызстан дүйнө элдеринен артта калбай өлкөнү санариптештирүү аракетин көрүүдө. Ал боюнча концепция иштелип чыгып, жол картасы бекитилген. Ушул тапта “Түндүк” тутумуна жергиликтүү бийлик мекемелерин, алтургай каржылык уюмдарды кошуу иштери жасалууда. Адистер санарипке ыңгайлашуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, жарандарды үйрөтүп, сабаттуулукту көтөрүү зарыл деген пикирде. Санарипке өтүүдө эл аралык тажрыйба колдонулган.

Өкмөт «Санарип Кыргызстан» концепциясын иштеп чыгып, дээрлик бардык мамлекеттик органдар “Түндүк” тутумуна кошулуп, алардын маалымат алмашуусу камсыздалды. Бул жылга өлкөнү санариптештирүү алкагында 90 иш-чара каралып, анын 21и аткарылып, калганы жыл аягына чейин ишке ашуусу күтүлүүдө. Калкка көрсөтүлгөн жеңилдиктин бири катары унаа салыгын төлөөнү мисал келтирсек болот.

Бишкекте санарипке байланышкан адам укуктарын ишке ашырууда, ошондой эле кичи жана орто бизнес, ишмердүүлүк тармагындагы негизги маселелерди аныктоо максатында форум өттү. Ага мамлекеттик органдар менен кошо эл аралык уюм, жарандык коом өкүлдөрү дагы катышты.

Санариптештирүүнүн башкы максаты - мамлекеттик органдар өз ара маалымат алмашууну электрондук түрдө жүргүзүү, калкты тейлөөдө байланышты жок кылуу жана жарандарга жагымдуу шарт түзүү болуп саналат. Ушул тапта “Түндүк” тутуму аркылуу маалымат алмашкандардын саны миллионго жеткен.