Жаңылыктар
Жемкорлордон өндүрүлгөн миллиондор
Коррупция
Жемкорлордон өндүрүлгөн миллиондор

Соңку эки күн аралыгында Коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке жемкорлук менен күрөш жүргүзгөн күч түзүмдөрү катары менен акча которду. Депозиттик эсеп президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен түзүлүп, Башкы прокуратурага, Каржы полициясына, УКМКга жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты атайын эсепке которуу милдети жүктөлгөн. Казынага кайсы тармак, канча каражат төктү?

УКМК коррупцияга каршы күрөштөн 19 миллион сом өндүрүп, депозиттик эсепке которду. Муну менен атайын кызмат ушул эсепке жөнөткөн каражат бир жылдан ашык убакыт ичинде 303 млн 646 миң 362 сомго жетти.

Бирдиктүү эсептин капчыгын Каржы полициясы дагы толуктоого аракет кылууда. Бул кызмат 12 миллион сомдой которуп, жемкорлордон өндүргөн акчанын жалпы көлөмү 807 миллион 500 миңге жакындады.

Башкы көзөмөл орган УКМК менен Каржы полициясынан кем калышкан жок. Ушул үч орган бир жылдан ашык убакыттан бери бирине-бири удаа жемкорлордон кайтарылган акчаларды которуунун үстүндө.

Учурда которулган акчанын эсеп-кысабы толук даяр боло элек. Борбордук казыналыктын маалыматына ылайык, 12-сентябрга карата бирдиктүү эсепке 1 миллиард 560 млн 509 миң 788 сом топтолгон. Ал каражаттан мектеп имаратына кошумча курулуш үчүн акча каралган.

ГРАФИКА: Эсеби алынган каражат бир жарым миллиард сомду түзөт. Анын 800 миллион сомго жакыны мектеп жана кошумча имарат курууга бөлүнөт. Жалпы 15 билим уясында курулуш жүрөт. Бишкек шаары менен Чүй облусунда жетиден. Ош шаарында болсо бир объект каралган.

Бирок азырынча 2 мектепке гана акча бөлүндү. Калганы курулушка тийиштүү документтерин даярдоодо.

Бийлик кызылдай акчаларды өөнөп, мамлекетке зыян келтирген кылмышкерлерге тор жайып, таза иштебеген адамдар тузакка түшүүдө. Мамлекеттик кызматты аркалаган адамдар мыйзамды айланып өтүп, көмүскө чынжырга айланган схемалар түзүлүп, казынага түшчү миллиондогон акчалар сол чөнтөккө солонуп жаткан көрүнүштөр калкып чыгууда. Буга чейин өлкө башчы жемкорлуктан кайтарылган акчанын эсебинен билим уяларына кошумча корпустар куруларын билдирип, ал иштер четинен аткарылууда.