Жаңылыктар
Калың карда кабары жоголгон Ысык-Ата районунун малчылары коопсуз жерге жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Калың карда кабары жоголгон Ысык-Ата районунун малчылары коопсуз жерге жеткирилди

Кардын калың жаашынан улам жоголгон Ысык-Ата районунун малчылары коопсуз жерге жеткирилди. Бул тууралуу райондук администрация кабарлады. Маалыматка ылайык, чабандар дрондун жардамы менен изделген. 

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-сентябрда куткаруучулар Кочкор районундагы жайлоодо издөө ишин жүргүзүп, малчылар алып келингенин билдирген. 

Мындан сырткары кар калың жаагандыктан, Талас облусундагы Каракол жайлоосунда үч чабан келе албай жатышканы айтылган эле. Алар 18-сентябрда эртең мененки саат жетиде табылган.