Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, шектүү «Кумтөр» компаниясына айдоочулук кызматка орноштуруу убадасын берип, 100 миң сом алып качып кеткен.
Окуяга шектүү делген 54 жаштагы аял киши кармалды. Буга чейин анын соттолуп чыккандыгы аныкталган. Шектүү Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилди.