Жаңылыктар
Малчыларды куткаруу иштери уланууда
Маданият
Малчыларды куткаруу иштери уланууда

17-сентябрда  Каракол ашуусунун жайлоосунан Ысык-Ата районунун малчылары көчүрүлдү.  Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда,  куткаруучулар   Кочкор районунун Кара-Мойнок айылынан  Ысык-Ата районунун малчылары  кой, жылкы, уйларын  айдап келе жатып жолугушкан. Алардын ден соолуктары жакшы, мал-жандыктары өлгөн эмес. 

Бүгүн   алар   Кегети ашуусу менен Чүй тарапка өтүшөт.  Жолдор ачык. Учурда   Каракол жайлоосунда  калган  4 короо кой  20-сентябрда түшөт.