Жаңылыктар
Кыргызстанда жыл башынан бери миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлдү
Экономика
Кыргызстанда жыл башынан бери миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлдү

Кыргызстанда жыл башынан бери жети айдын ичинде миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кабарлады. Өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестрине кирген сексенге жакын ишканасынын жыйырма беши сүттү кайра иштетет. 

Ишкер Кайрат Абдуллаевдин карамагындагы сүттү кайра иштетүүчү завод “эң мыкты экспортчу” аталган ишканалардын катарында. Мында быйыл жыл башынан берки тогуз айга жетпеген убакыт аралыгында 20 миң тонна продукция өндүрүлсө, анын жети миң тоннасы өлкөдөн сырткары сатылган. Ишкер мамлекеттин аймактарды өнүктүрүү саясатын колдоп, эми заводдун жер-жерлердеги бөлүмдөрүн ачып жатат. Бул жергиликтүү фермерлердин сүттү кымбатыраак баада сатуусуна шарт түздү.

Мындай ишмердүүлүгү үчүн Абдуллаев “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамына татыды. Ишканада айран, сүт, каймак, быштак сыяктуу азыктар даярдалат. Заманбап жабдуулар Жапониядан алып келинген. 

Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды ача турган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет. Сүт багытындагы ири ишканалар бардык облустарда көбөйүүдө. Базар-Коргон районундагы Ак-тилек заводу да атайын сертификатка ээ болуп, товарды өлкөдөн сырткары экспорттоого уруксат алган. Бирок, азыр өндүрүлүп жаткан продукция ички рынокту камсыз кылууга гана жетип жатат. Өндүрүштү жогорулатуу максат кылынууда.

Ал эми Таластагы ишкана Франция жана Голландиянын технологиясы менен жогорку сапаттагы сыр даярдоодо. Күнүмдүк көлөм 30 тоннаны түзөт. Нарында болсо каймак май жана сыр даярдаган ишкана бар. Ал сүт азыктарынын башка түрлөрүн да чыгарууга камылга көрүүдө.

Мындай ишканаларда тазалык менен сапатка өзгөчө көңүл бурулуп жатканы бекеринен эмес. Себеби, сүт азыгын даярдоодо даам менен бирге тамак аш коопсуздугу да эске алынышы шарт. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргызстанда соңку жылдары талапка жооп берген, атаандаштыкка туруштук берчү ишканалардын көбөйүп жатышын тармактагы негизги жетишкендиктердин бири деп эсептейт.

Сүттөн даярдалган башка азыкты, маселен балмуздак жасай турган ишканалар көбөйүшү мүмкүн. Бул багытта долбоор сунуштап, каржы мекемелерине каражат сурап кайрылгандар бар.