Жаңылыктар
“Манас Ордо” комплекси - Кыргызстандын сыймыгы
Маданият
“Манас Ордо” комплекси - Кыргызстандын сыймыгы

Улуттук көчмөндөр оюндарынын шарапаты менен Талас облусундагы "Манас Ордону" көрөм деген замандаштардын тилеги орундалды. Жыл сайын комплекске 40 миңдей адам келет. Алардын арасында окумуштуулар, манас таануучулар, туристер жана чет өлкөлөрдөн келген меймандар бар.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургуну Гүлмира Базарчиева "Манас Ордону" көрүүнү самап, Аксыдан уулу менен атайын келген. Жыл сайын Манас Ордого 40 миңдей киши келип кетет, алардын көпчүлүгү сыйынуучулар. Бул жерде курмандык чалып, жакындарынын ден соолугу үчүн тилек кылгандар арбын.

Мында келгендер "Кароол Чоку" тоосуна чыгышат. Андан Талас шаары алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул күндөрү комплекстин аймагы жана “Манас” музейи акысыз болуп, каалоочуларга эшиги ачык. Асанкул Жунушалиев музейде 30 жылдан бери иштеп келет, ал эми соңку 5 жылдан бери директорлук кызматта.

Улуттук көчмөнөр оюндарынын шарапаты менен “Манас Ордо” комплексине келгендердин саны дагы көп. Учурда Таласка өлкөнүн бардык региондорунан коноктор жана чет элдиктер келген. Республикалык Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунун туристтик потенциалын көтөрүүгө чоң түрткү берет дешет адистер.