Жаңылыктар
Өлкөдө инвесторлорго карата мамиле кандай?
Экономика
Өлкөдө инвесторлорго карата мамиле кандай?

Кыргызстанга инвестиция салып, иш жүргүзөм деген чет элдик инвесторлор арбын. Бирок айрым учурда жергиликтүү калк менен инвестор ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, андай көрүнүштөр Кыргызстандын кадыр баркына көлөкө түшүрүп, инвестициялык абалына терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өткөн жыйында айтылды.

Бул Бишкектеги көп кабаттуу үй курган кытай курулуш компаниясынын кеңсеси. Компаниянын башкаруу бөлүмүндө иштегендердин төртөө кытай, калган 30 чакты кызматкер кыргыз атуулдары. Инвесторлор Кыргызстанга 7 жыл мурда келип, акча жумшап, ордо калаадан 2 чоң көп кабаттуу үй курууга киришкен. Кытай ишкери алгач коңшу өлкөдөн инвесторго карата абалды талдап, баарын таразалап туруп келгенин билдирди.

Баш калаанын ортосуна түшкөн көп кабаттуу үйдүн курулушу бир жылда аяктаганы турат. Кытай инвестордун каражатына салынып жаткан экинчи үйдө 30дай куруучу жана өзүнчө келген подрядчы топ иштейт. Ири курулуштун жүрүшүндө эки улуттун жарандары тил табышып, талаш-тартышы жок иш алып барышууда.

Бишкекте саясат тануучулар, мамлекеттик орган өкүлдөрү, дээрлик бардык тармактан адистер чогулуп, инвесторго карата каршы маанайды чечүү жолдорун ортого салышты. Алар маалыматтын жетишсиздигинен улам түшүнбөстүктөр жаралаарын, бирок инвестор ишмердүүлүк жүргүзөм десе улуттук кызыкчылыкты башкы орунга коюп, мыйзам чегинде иш алып барууну белгилешти. Ошол эле учурда эл дагы мыйзамды сыйлоого тийиш экени айтылды.

Чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга келип түшкөн инвестициялардын көп үлүшү Кытайга туура келет, анын көлөмү 46,2 пайыз же 181 миллион доллар. Кытайдан инвестиция көп тармакка тартылган. Бирок тоо-кен тармагына келгенде ортодо түшүнбөстүктөр жаралып, ага өкмөт өзү кийлигишип, абалды көзөмөлгө алган учурлар бар.