Жаңылыктар
Өмүрү өрнөк инсан Төрөбай Кулатовго "КРнын Баатыры" наамы ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрү өрнөк инсан Төрөбай Кулатовго "КРнын Баатыры" наамы ыйгарылды

Төрөбай Кулатов өлкөнүн ар тараптуу өрүш алышына эбегейсиз зор салым кошкон көрүнүктүү коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмер. Анын эли үчүн кылган ак кызматы, баскан жолу келечек муунга өрнөк. 40 жылдан ашык жогорку кызматтарды аркалаган Төрөбай Кулатовго Президенттин жарлыгына ылайык, “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Төрөбай Кулатов мамлекеттин кышын кынаган инсан. Жаратман башчы жалындаган жаш кезинде эли-жери үчүн опол тоодой эмгек жасап кетти. Төрөбай Кулатов адегенде алты жыл Өкмөттү жетектеди. Бул учур согуш маалына туш келгенине карабай ага артылган жоопкерчиликти татыктуу аткарды. Тылдагы түйшүктү эл менен кошо тарткан иш билги, эмгекчил жетекчи чоң долбоорлорду ишке ашыра алды. Ал чыйыр салган долбоорлордун пайдасы Кыргызстан үчүн дагы нечендеген кылым иштейт.

Элдик курулуштарга маани берген жетекчи Жаңы-Арык, Отуз-Адыр жана Чоң Чүй каналдарынын курулушунун , көмүр шахталарын реконструкциялоонун башында турду. “Айдаркен”, "Ак-Түз" заводу ачылып, Фрунзе - Ош унаа жолу менен Балыкчы - Бишкек темир жолу курулду. Эл үчүн керек болгон бул чоң иштерди ишке ашырууда Төрөбай Кулатов Москвага барып, Сталиндин кабыл алуусун 7 күн күткөн экен - деп эскерет чогуу иштешип калган замандашы Жамин Акималиев.

Төрөбай Кулатов көрөгөч, иш билги, аракетчил жана мээнеткеч сапаттары менен кызматтык тепкичтен тепкичке өйдөлөп отуруп, Өкмөттөн кийин 1945-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болду. Бул кызматта ардактуу эс алууга чыкканга чейин эмгектенди.
Карапайым шахтёрдон баштап, жогорку мамлекеттик кызматка анын эң биринчи жөнөкөй мүнөзү, кара кылды как жарган калыстыгы, эмгекчилдиги менен чоң муратка жетишүүгө мүмкүн экенин далилдей алды. Ал Ленин, Октябрь революциясы жана Эмгек Кызыл туу ордендери менен сыйланган. Эл үчүн кызматын аябаган коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмер Төрөбай Кулатовго Президент Сооронбай Жээнбеков “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жарлыгына кол койгон. Төрөбай Кулатов 1984-жылы көз жумган.