Жаңылыктар
Депутат Каныбек Иманалиев «Курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштады
Кыргызстан жаңылыктары
Депутат Каныбек Иманалиев «Курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштады

17-сентябрда Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн Жарандардын элдик курултайларды өткөрүү укугу жөнүндө Конституциянын жобосун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев өзү демилгелеген «Курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштады. 

Конституциянын 52-беренесине ылайык, жарандар республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого,кабыл алууга катышууга, мамлекеттик, коомдук мааниге ээ болгон маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Азыркы учурда өлкөдөгү элдик курултайларды түзүүнүн тартибин жана ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдык акт жок. Буга байланыштуу элдик курултайларды түзүүнүн жол-жобосун жана мекеменин ишмердүүлүгүн, ыйгарым укуктарын мыйзам менен аныктоо — Конституцияда кароо сунушталууда. 

Мыйзамдын долбоору менен элдик курултайлардын түрлөрүн бекитүү сунушталган. Алар: айылдык округ жана шаардын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайы, райондун, облустун, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү жамааттарынын элдик курултайы, Кыргызстан элинин курултайы. 

Элдик курултайдын чечимдери мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн кеңеш, сунуш берүү мүнөзүндө болот. Элдик курултайлардын чечимдери Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан Конституция жана мыйзамдар бекиткен милдеттерине жараша ишке ашырылат.