Жаңылыктар
Жээнбеков АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушту
Спорт
Жээнбеков АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Азия футбол конфедерациясынын президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолугушту. Футболду өнүктүрүү жана аны өлкөдө мындан ары дагы кеңири жайылтуу боюнча пикир алмашуу болду. Президент Азия аймагында футболду өнүктүрүүгө багытталган Азия футбол конфедереациясынын ишмердигин жана реформаларын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда футбол спорттун эң белгилүү массалык түрү болуп саналарын, бардык шаарларда жана айылдарда жаштар футбол ойношорун айтып, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында облустарда, шаарларда жана район борборлорунда спорт залдар жана жаңы спорт аянтчалары курулуп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда Бишкек шаарында футболдук жана спорттук инфраструктура эскиргенин кошумчалап, борбор калаада футболду кесипкөй деңгээлге чыгаруу үчүн жаңы стадионду куруу боюнча пландар тууралуу айтып берди.

АФК Президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф футболду колдоосу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн кыргыз тарапка ыраазылык билдирди. Ал Кыргызстандын футбол Федерациясы менен биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп, өз ара кызматташуунун болочок пландары тууралуу айтып берди. 

Салман бин Ибрагим Аль Халиф дагы атамекендик футболду мындан ары өнүктүрүү демилгелерине жана Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.