Жаңылыктар
Ак-Өлөң айылында сугат каналынын курулушу өз нугунда жүрүүдө
Аймак
Ак-Өлөң айылында сугат каналынын курулушу өз нугунда жүрүүдө

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында сугат каналынын курулушу өз нугунда жүрүүдө. Магистралдык каналдын узундугу 27 чакырым. Куруучулар канал өз мөөнөтү менен ишке берилээрин убада кылууда. Курулуш иши Кытай грантынын каржылоосу менен ишке ашып, жергиликтүү тургундар жумушка тартылган. Сугат каналы пайдаланууга берилсе, элет эли колдонулбай жаткан төрт миң гектар айдоо жерин өздөштүрүп, пайда көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

"Ушундай эле ири курулуштар Ош, Жалалабад, баткен облустарында да ишке ашууда. Быйыл эки объект курулуп бүтүп, пайдаланууга берилет. Анын арты менен дыйкандар миңдеген гектар аянттарды өздөштүрө башташат”,- деди Суу чарба объектилерин куруу дирекциясынын башчысы Алмаз Сокеев.