Жаңылыктар
Өлкөнү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон инсандар сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон инсандар сыйланды

Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, кесиптик ишинде чоң ийгиликтерге жетишкен жарандарына Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. 

Алардын ичинен көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимовго жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. 

Сыйлык тапшыруу аземине алардын балдары катышты. Мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш жана башка тармактын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине берилди.