Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасы: Тажикстан курулушту бузмай болду
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасы: Тажикстан курулушту бузмай болду

Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен, тактала элек аймакка баштаган курулушун токтотуп, бузмай болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдирди. 

Анын айтымында, тажик тарап сүйлөшүүгө ылайык жакынкы 20 сааттын ичинде баштаган курулуштарын кайра бузушу керек. Азыркы кезде тилке чек ара кызматынын көзөмөлүндө. 

Эске салсак, 16-сентябрда Баткен облусунун Максат айылынын чектеш жеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары ортосунда атышуу орун алган. Натыйжада Кыргызстандан 13 адам жаракат алып, 1 чек арачы каза болгон.