Жаңылыктар
Ошто түрк тасмаларынын жумалыгы өтүүдө
Маданият
Ошто түрк тасмаларынын жумалыгы өтүүдө

Ошто түрк элдеринин көркөм тасмаларынын жумалыгы башталды. Иш-чара быйылкы жылга карата жарыяланган “Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун алкагында өтүүдө. 

Ачылышына режиссерлор, актерлор, кинематографисттер жана Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат, ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин сыяктуу расмий делегациянын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. 

Иш-чараны Түркиянын “Карышкыр” көркөм тасмасы ачып берди. Жумалыктын алкагында, Ош шаарынын тургундары менен коноктору “Биздин чемпион” жана балдар үчүн “Рафадан Тайфа” көркөм тасмаларын көрө алышат. Тасмалар “Семетей” жана “Нур” кинотеатрларында коюлат. 

Эске салсак, 2019-жыл “Ош –Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору ” деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынган.