Жаңылыктар
Мас абалында мыйзамсыз балык уулаган корукчу кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мас абалында мыйзамсыз балык уулаган корукчу кармалды

Мамэкотехинспекциясынын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу жана Жети – Өгүз райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы браконьерлике каршы иш - чара жүгүздү. Иштин жүрүшүндө  Ысык –Көлдүн  № 40 балык кармоо  участогунан, көл  жээктен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Ысык-Көл мамлекеттик коругунун корукчусу Султанбеков Алексей Игенович мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен кармалды. 

Текшерүү учурунда балык уулоого уруксат кагаздарын, тиешелүү документтерин көрсөтө алган жок жана кайыгынын ичинен 9 даана Сига-Лудоги балыгы табылды. Корукчу Султанбеков Алексей Игенович жумуш үстүндө мас абалында болгон жана Мамэкотехинспекциясынын  кызматкерлерине каршылык көргөзгөн. 

Мамэкотехинспекциясынын  кызматкерлери тарабынан аныктоо актысы түзүлүп, иш материалдарды Түп райондук ички иштер башкармалыгына өтөрүлүп берилди жана ошондой эле  9 даана Сига-Лудоги балыгы, моторлуу кайыгы Түп райондук ички иштер башкармалыгына  жеткирилип,  кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталды.