Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо утту
Спорт
Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо утту

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын чейрек финалында украиналык Юлия Ткач Остапчукту жеңип, жарым финалга чыкты. Муну менен спортчу Олимпиада оюндарына лицензия алды. 

Казакстандын Нур-Султан шаарында күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Ал Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо берчү турнир болуп эсептелет. Аталган мелдеште алдыңкы беш орундукка илингендер лицензия алары айтылган.

Спортчу алгачкы кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны 8:0 эсеби менен утса, 8/1 финалда япониялык Юкако Каваини таза жеңиш менен жеңген.

Белгилей кетсек, ири турнир 14-сентябрда башталган, эми 22-сентябрда жыйынтыкталат. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары күчүн сынап, Атабек Азисбеков гана бешинчи орунду алып, Токио Олимпиадасына жолдомо алды.