Жаңылыктар
Өмүрүн элге арнаган инсан - Султан Ибраимов
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрүн элге арнаган инсан - Султан Ибраимов

Эртең, 20-сентябрь көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун туулган күнү. Быйыл анын 92 жылдыгы белгиленет. 

Кыска болсо да мазмундуу өмүр сүргөн мамлекеттик жана партиялык жетекчи өлкөнүн өнүгүшүнө ат көтөргүс эмгек жасады. Бул жыл "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу менен коштолуп отурат. 

 Жаратман, чынчыл, өндүрүшчү жана талапты катуу кое билген жөнөкөй жетекчи катары Султан Ибраимовдун басып өткөн жолу келечек муунга үлгү.