Кыргыз - Кувейт кызматташтыгы бекемделүүдө. Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгын утурлай экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өкмөттөр аралык экинчи отурум болуп өттү.
Анда кызматташтыкты күчөтүү багытындагы актуалдуу маселелер талкууланды.