Жаңылыктар
Көчмөн элдин турмушун даңазалоо
Маданият
Көчмөн элдин турмушун даңазалоо

 

  Бүгүнтөн тарта алгачкы Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды. Манас Ордодогу Кароол Чокунун этегин бойлой этношаарча ачылып, үч жүзгө чукул боз үй көчмөндөр оюндарына келгендерге эшигин ачты. 

 Унутта калган каада салтты, үрп адатты жандандыруу, улуттук тамак аштын түрлөрүн таанытуу жана башка саамалыктар көчмөн элибиздин турмушун ар тараптуу даңазалоого багытталган.