Жаңылыктар
Медицина кызматкерлеринин ишинин сапатын текшерүү каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Медицина кызматкерлеринин ишинин сапатын текшерүү каралууда

POST1RIGHT

Бүгүн Бишкек шаарында "Сертификат тутуму жана кесипкөйлүктү лицензиялоо" багытында борбор түзүүгө багытталган тегерек стол отуруму болуп өттү. Аталган иш-чарада медицина кызматкерлеринин дасыгын баалоо боюнча маселелер каралды. 

Анын актуалдуулугу - азыркы күндө Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин ишинин сапатын текшерүү. Себеби, буга чейин мындай орган болгон эмес. Саламаттык сактоо министрлиги жана медициналык бирикме мындай борбордун абдан керектүү экенин, ал медицина кызматкерлеринин сабаттуулугун арттырып, тармактык тейлөө кызматынын жакшырышына алып келерин белгиледи.

“Жогорку медициналык окуу жайлар, медициналык колледждер болгонуна карабай, кадр маселелеси туура эмес бөлүштүрүлгөн. Биздин өлкөдө медицина кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү аймактардын борборлорунда. Азыркы убакта медицина кызматкерлеринин ишинин сапатына көп көңүл бурулуп жатат. Бүгүн бизге Казакстандан коноктор келишкен. Алар улуттук сынак борборунун адистери”,- деди Саламаттык сактоо министрлигинин адиси Айгүл Бообекова.