Кыргыз - Кувейт дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгын утурлай экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык экинчи отурум болуп өттү. Жыйынды Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, ал эми Кувейттен келген топту өлкөнүн Каржы министри Наиф Фалах Аль Хаджраф жетектеди.
Жээнбаеванын айтымында, алака түзүлгөндөн бери эки өлкө ортосундагу саясий, экономикалык, маданий тармактагы кызматташуу жогорку деңгээлге жеткен. Кыргыз - Кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны достук, түшүнүшүү маанайында өттү. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, тараптар өз ара кызматташтыкты күчөтүүдө зарыл болгон кадамдарды жасоого даяр экендиктерин белгилешти.
"Эки тараптын эксперттери мамлекеттер аралык көптөгөн маселелерди талкуулашты. Алар энергетика, айыл чарба, саламаттыкты сактоо тармактарына байланыштуу. Кувейт тарап биздин өлкө менен алгылыктуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди",- деди Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева.