Жаңылыктар
Сузактын тургундары коопсуз жайга көчүрүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Сузактын тургундары коопсуз жайга көчүрүлүүдө

Сузак районундагы кайра-кайра кайталанган жер көчкүгө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов башында турган топ Алмалуу-Булак айылында болуп өткөн жер көчкүнү жеринде барып аныктоо максатында иш сапар менен болду. 

Анын алкагында жабыр тарткан тургундар менен дагы жолугушуу жүрдү. Андан соң Сузак райондук администрациясында райондук Жарандык коргоо комиссиялары жана айыл аймактарынын башчыларынын катышуусунда ыкчам жыйын болуп өттү. 

Учурда жер көчкү жүрүү коркунучу сакталган аймактардан 76 турак үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө.

Эске салсак, 27-апрелде буга чейинки нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Сузак районунда көчкү жүргөн. Жер көчкү Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Алмалуу айылынын аймагында катталып, көлөмү 1 миллион 600 кубометрге жетип, бир өспүрүм бала каза болду.

Ошондой эле болжол менен 7 үй көчкү астында калган. Эскерте кетсек жаз чыкканы бул аймакта үчүнчү жолу жер көчкү жүрүп жатат. Буга чейинкилеринде олуттуу зыян келтирген эмес.