5-сентябрдан бери Кыргызстандын бардык аймактарында коопсуздук иш-чаралары өтүүдө. Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиясында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын кызматкерлери окуучуларга табигый кырсыктардан, тилсиз жоодон сактануунун ыкмаларын үйрөтүштү.
Ошондой эле, өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жүрүм-турум эрежелери боюнча окуулар өтүлдү. "Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча ыкмаларды моделдештирүү" долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чара Кыргызстандын бардык мектептеринде өтүүдө. Бул долбоорду Билим берүү жана илим министрлиги, эл аралык уюмдар менен бирге ишке ашырууда.
"Өзгөчө кырдаалдардан сактануу максатындагы иш-чарада мектептин 1453 окуучусу жана 73 кызматкерибиз эвакуацияланды. Бул багытты көздөп жылына 3-4 иш-чара өткөрүлүп турат. Мындан тышкары, мугалимдер тарабынан класстык сааттар видеосабактар өткөрүлүп, кеңештер берилип турат",- деди Бишкектеги №62 мектеп-гимназиянын директору Гүлнара Актайлакова.