Жаңылыктар
Баш-аламандыкта ээнбаштык кылууга шектелген жаран кармалды
Кылмыш
Баш-аламандыкта ээнбаштык кылууга шектелген жаран кармалды

POST1RIGHT

Августта Бишкекте болгон баш-аламандыкта ээнбаштык кылган шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, 8-9-август күндөрү агерссивдүү маанайдагы жарандар Токомбаев жана 7- апрель көчөлөрүнүн кесилишинен жол тосуп, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү коркутуп, унааларды текшеришкен. 

Алар Ички иштер министрлигинин бир канча кызматтык унааларын зыянга учуратып, көчөнүн кесилишине коюлган видеокамераларды талкалап салышкан. Милициянын маалыматына ылайык, алар 3 млн сом чыгымга учуратышкан. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Окуяга шектүү катары Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бир жаранды кармады. Калгандарын издөө иштери уланууда. Укук коргоо органдары шектүүнүн колунун жабыркагандар болсо 0 (505) 39-88-00, 0 (550) 10-25-99 жана 102 номерлерине кабарлап коюну суранышат.