Жаңылыктар
Акыйкат издегендерге кандай жардамдар көрсөтүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Акыйкат издегендерге кандай жардамдар көрсөтүлүүдө?

2018-жылы эле Акыйкатчынын наамына кат жүзүндө 3237 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйында акыйкатчы Токон Мамытов журналисттерге билдирди. Анын айтымына караганда, укугун коргоп берүүнү өтүнгөндөрдүн көбү сот, прокуратура, жазаларды аткаруу кызматына жана мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине арыздангандар. 

Ал эми Акыйкатчы институтунун борбордук жана аймактык бөлүктөрүнө укугу бузулган 11 миң 260 жаран кайрылып, алардын 6115 адамы аталган мекеменин кызматкерлеринен кеңеш алышкан. Ошондой эле, Мамытов 1600гө жакын жаран чет өлкөдө камакта отурганын кошумчалады.