Жаңылыктар
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
Коррупция
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди. Маалыматтарга ылайык өлкөдөн чыгып кеткен жетекчинин бири "Кумтор Голд Компани" компаниясынын каржы боюнча виц-президенти Марк Бертон болсо экинчиси материалдык-техникалык жабдуулар боюнча жетекчинин орун басары Лесли Лоу. 

Прокуратуранын маалыматында тергөө органдары бул эки жаран менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүшмөк. Эгерде бул эки жаран кайтып келбесе кыргызстандын мыйзамдарына ылайык алардын үстүнөн тиешелүү чаралар көрүлөт. Буга чейин аталган компаниянын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери суракка алынып, компанияны тинтүү учурунда бардык документтер алынган. 

Эскерте кетсек 28-апрелде Курамына Башкы прокуратура, УКМК, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү кирген мекемелер аралык комиссия «Кумтор Голд Компани» ишканасындагы каржылык мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп баштаган.