Жаңылыктар
Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды
Маданият

Бүгүнтөн тарта алгачкы Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды. Манас Ордодогу Кароол Чокунун этегин бойлой этношаарча ачылып, үч жүзгө чукул боз үй көчмөндөр оюндарына келгендерге эшигин ачты. Унутта калган каада салтты, үрп адатты жандандыруу, улуттук тамак аштын түрлөрүн таанытуу жана башка саамалыктар көчмөн элибиздин турмушун ар тараптуу даңазалоого багытталган.

Көптөн күткөн күн келди. Манас Ордодо этношаарча ачылды. Мында түрдүү сынактар өтүп, 7 дубан жана 2 ири шаардын өкүлдөрү өз ара атаандаштыкты көрсөтүшүүдө. Ар бир региондун маданий программасы театрлаштырылган оюндар менен коштолуп, улуттук кийим менен тамак-аштын түрлөрүн даңазалашууда.

Катышуучулар арип тартиби боюнча чыгып, фестивалды Баткен облусу ачып берди. Дубандын эли кыз узатуу салтын көрсөтүштү. Баткендин көркү болгон айтылуу Айгүл гүлүнүн назиктиги аркылуу асылзаттын аруулугун даңазалап, аял киши ар дайым коломтонун куту, теңдешсиз эне мээримине ээ болгон, жан жолдошунун туруктуу тиреги экенин далилдешти.

Албетте Баткен жери килеми менен да таанымал. Лейлек районунун Маргун айылынан келген Гүлмира айым, бул өнөрдүн өзгөчөлүгүн көрсөттү. Келгендерге түрдүү өнөрлөр тартууланып жатканда, боз үйдүн артында аты алыска кеткен Баткендин күрүчүнөн палоо демделип жатты.

Баткенден кийин кезек Бишкек шаарына өттү. Мында Кыргыз академиялык драма театрынын актерлеру баланы бешикке салуу салтын көрсөтүштү. Башкы ролдо он айлык Чынгыз. Бул анын алгачкы актердук тажрыйбасы дейт наристенин атасы, актер Жылдызбек Касеинов.

Улуттук тамак-аштын жүздөн ашык түрүн Жалал-Абад облусу эл назарына койду. Уча, казы-карта, чучук, олово, таш кордо, нандын эле бир канча түрү, боорсок жана жупка. Бул дагы толук тизме эмес.

Бул күнү Баткен, Бишкек, Жалал-Абад өкүлдөрүнүн катарында Нарын облусу, Ош облусу жана Ош шаарынын командалары маданий программасын тартуулашты. 20-сентябда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү уланат. Анда Чүй, Ысык-Көл жана оюн ээси Талас облусунун программалары назарга коюлуп, соңунда сынактардын жыйынтыгы чыгарылат.