Жаңылыктар
Тил күнүнө карата флешмоб түрүндө чакан тест болуп өттү
Билим
Тил күнүнө карата флешмоб түрүндө чакан тест болуп өттү

Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата калаадагы чоң соода борборлорунун биринде флешмоб түрүндө чакан тест болуп өттү. Анда бишкектиктердин кыргыз тили боюнча сабаттуулугун текшерүүгө мүмкүнчүлүгү болду. Ал өкмөткө караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулган. Катышуучу өз калоосуна жараша тесттин түрүн тандап алып, лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдоно билүү, маалыматты угуп жана түшүнө алуу, оюн оозеки жана жазуу боюнча тапшырмалар берилди. Тест тапшыруучулар жыйынтыгын дароо угуп жана аларга чакан белектер ыйгарылды. 

Эске салсак, аталган флешмоб быйыл экинчи жолу өткөрүлүүдө. Эми мындан ары жыл сайын өткөрүүнү мерчемдешүүдө. Ошондой эле, флешмобдун жүрүшү толугу менен “Кыргыз тест”сайтында онлайн чагылдырылып турду.

"Бүгүн көбүнчөсү кыргыз тилин билгендер келип жатат. Эки-үч адам башка улуттун өкүлү. Алар дагы кубанып кетишти, кайгырган жок. Анткени, тест өтө кыйын эмес",- деди "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин башчысы Батма Топоева-Ставинская.