Жаңылыктар
Жол эрежеси - кырсыктарды алдын алуу
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежеси - кырсыктарды алдын алуу

Өткөн жылы 9 ай ичинде 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6 миңден ашуун адам жабыркап, 500кө жакын киши каза болгон. Кырсыктарды алдын алуу максатында бүгүн Бишкектеги мектептердин биринде мектеп окучуларынын катышуусунда жолдо жүрүү эрежеледри үйрөтүүчү жөө жүрүш болуп өттү.

Эми гана мектеп босогосун аттаган Айдиншер сабактан тышкары классташтары менен бирге жол коопсуздук эрежелерин үйрөтүүчү жөө жүрүшкө катышты. Ал “А” тамгасы менен бирге жолдон кантип өтүү керектигин өздөштүрүп жатканын айтат.