Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду
Спорт
Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду

Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетти. Ал 19-сентябрда 62 килограмм салмактык категориядагы турнирде мелдешип, Мексика, Япония, Украина жана Түндүк Кореянын балбандары менен беттешип, финалга чыккан болчу.

20-сентябрдагы жыйынтыктоочу кармашта кыргызстандык спортчу Европа жана дүйнө чемпиону Болгариядан барган Тайбэ Мустафа Юсейн менен килемге түшүп, 5:3 эсебинде жеңишке жетип, 2019-жылдын дүйнө чемпиону аталды.