Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекованы биринчилерден болуп Сооронбай Жээнбеков куттуктады
Спорт
 Айсулуу Тыныбекованы биринчилерден болуп Сооронбай Жээнбеков куттуктады

Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекованы биринчилерден болуп  Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Мамлекет башчысы  телефон аркылуу Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен байланышты.

Сооронбай Жээнбеков, бүт кыргыз эли Дүйнөлүк чемпионаттагы ата-мекендик спортчулардын мелдештерин кызыгуу менен көрүп, ар бир жеңишти чоң кубаныч менен кабыл алганын белгиледи.

Президент Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында алгачкы жолу кыз келиндер арасында  күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону болгонун баса белгиледи. Анын жеңиши бүт Кыргызстан үчүн сыймык экенин өзгөчө белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова өзүнүн жеңиши менен кыргызстандыктарга Таластагы Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталар алдында белек кылганын кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова Мамлекет башчысына куттуктоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшүндө мекендештердин колдоосун сезип жатканын белгиледи.

Ал жеңишин өлкөгө жана Кыргызстан элине арнаганын билдирди.