Жаңылыктар
ИИМ кызматкерлери эки кызды өлүмдөн алып калды
Ден соолук
ИИМ кызматкерлери эки кызды өлүмдөн алып калды

Улуттук көчмөндөр оюндарында эсин жоготуп жыгылган кыздарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кара-Буура РИИБдин башчысынын орун басары Орозбек уулу Элзарбек билдирди. 

"Эки кызды ооруканага жеткирдик. "Манас Ордо" этнокомплексинин кароол чокусунан 2 кыз эси ооп кулап калыптыр. Жардам сурап бизге кайрылышкандыктан, милициянын көчмө кабылдама унаасы менен ооруканага алып бардык. Кыздар эсине келе албай ооруканада жатат"- дейт Кара-Буура РИИБдин башчысынын орун басары Орозбек уулу Элзарбек.