Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндары кыргыз маданиятын даңазалады
Маданият
Көчмөндөр оюндары кыргыз маданиятын даңазалады

Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун 8 улуттук түрү боюнча мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19унда башталып, күн мурун жыйынтыктоочу салтанаттуу азем болуп өттү. Андыктан бир апта бою Манас атабыз, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, дагы нечендеген белгилүү инсандар жердеген Талас облусу улуттук спорт оюндарынын, маданий иш-чаралардын чордону болуп турду. 

Спорттук оюндарга 500дөн ашык балбандар катышып, ал эми 2 миңдей маданият кызматкерлери ыр күү, кыргыздын каада салт, нарк насилине байланышкан түрдүү программаларды аткарышып, чыныгы көчмөн элдин жашоо образын чагылдырып беришти. Айтмакчы, улуттук көчмөндөр оюндарын көрүүгө республиканын бардык булуң бурчунан меймандар келишкен.