Жаңылыктар
Ош шаарынын Калинин аймагына бала бакча курулууда
Аймак
Ош шаарынын Калинин аймагына бала бакча курулууда

Ош шаарынын Калинин аймагына 100 орундуу бала бакча курулууда. Эки кабаттан турган бакчанын имараты 100 жектинчекке ылайыкташтырылат. 23 млн. 600 миң сомго бааланган курулуш шаардык бюджеттин эсебинен каржыланган. 

Аталган айылда эки миң кожолук жашайт. Бакча курагында эки миңдей бала бар. Ал эми Амир-Тимур аймактык башкармалыгы Ош шаарынын калк жыш жайгашкан аймагы, 60 миңден ашуун эл жашайт.