Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинине кошулушу менен Россиядагы мамлекеттик мекемелерде, кыргыз тилин билген кызматкерлер жетишпей баштаган. Бүгүнкү күндө, өлкөнүн эки жогорку окуу жайында – Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети менен Москва мамлекеттик лингвистикалык университети кыргыз тили боюнча адистерди даярдоодо. Тил аркылуу студенттер кыргыз элинин маданияты, салт-санаа, үрп-адаты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
Бул жерде билим алып жаткан студенттер, жай айында Кыргызстанга барып, кыргыз тилин окуп үйрөнүү боюнча билимин өркүндөтүп келген.
“Кыргызча кайрылып суроо берсек, көпчүлүгү орусча жооп берет экен,- деген студенттер - “Базарга барганда кыргызча сүйлөгөнүбүздү көрүп, сатуучулар баасын жакшы эле төмөндөтүп беришти”, - дейт кубанып.
Билим алуу ийне менен кудук казгандай демекчи, мугалимдер сатуучулардай жеңилдик бербейт. Андыктан, үйрөнүп жаткан тилде жакшылап сүйлөп, туура жаза билүүгө студенттер болгон күч аракетин жумшоодо.
Бул борбордун, Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөнү да бекеринен эмес экен. Окуу жайга залкар жазуучу бир нече ирет келип, улуу кебин айтып кеткендигин, бул жерде унутпай айтып жүрөт. Студенттер кыргыз тилинен сырткары КМШ өлкөлөрүнүн башка тилдерин да үйрөнөт.
Бул жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү Россиянын Тышкы иштер министрлигинде жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы бир топ кызматтарда иштеп жүрөт. Евразия экономикалык уюмуна Кыргызстандын кошулушу менен кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон талап жогорулаган. Бүгүнкү күндө Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде дагы, кыргыз тили айрым бир адистиктерге кошулуп окутулууда.