Жаңылыктар
Чыңгыз Айдарбеков Нью-Йоркто өткөн “Борбордук Азия + АКШ” жыйынына катышты
Саясат
Чыңгыз Айдарбеков Нью-Йоркто өткөн “Борбордук Азия + АКШ” жыйынына катышты

22-сентябрда Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Борбордук Азия + АКШ” (С5+1) кызматташтык форматындагы Министрлик жолугушууга катышты.  

Жолугушууга ошондой эле АКШ Мамлекеттик катчысы М.Помпео, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын АКШдагы элчиси катышты.

Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөлүк согушкерлер менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу, коопсуздук жаатында регионалдык кызматташтыкты илгерилетүү жана регионалдык экономикалык өнөктөштүктү жана өнүгүүнү күчөтүү маселелерин талкуулады.

КР Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков күн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук приоритеттерин атап өттү жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бири бири менен, ошондой эле алардын АКШ менен мамилелеринде соода-экономикалык кызматташтыкка басым жасоо аркылуу бул форматта регионалдык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуш кылды.

Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн АКШ менен калыптанып калган кызматташтык форматынын алкагында өз ара аракеттенүүсүн улантууну макулдашууга жетишти.

Ошондой эле, “С5+1” отурумунун жыйынтыгында КР Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков АКШ Мамлекеттик катчысы М.Помпео менен эки тараптуу кыска жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуунун алкагында КР менен АКШнын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү жолдору, кызматташтык тууралуу эки тараптуу макулдашуунун долбоорун даярдоонун жүрүшү, ошондой эле кыргыз-америка мамилелеринин күн тартибинин башка мааниси аз эмес маселелери белгиленди.